Араб мамлекеттеринен 142 кыргызстандык алынып келди

Араб мамлекеттеринен 142 кыргызстандык алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Жүргүнчүлөрдүн ичинде Сауд Арабиясынан, Иорданиядан, Пакистандан, Бахрейнден, Мальдив аралдарынан, АКШдан, Сингапурдан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Камбоджадан келе жатып, Дубайда калып калган кыргызстандыктар да бар.

 

Алардын баары учардын алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышкан, анализдери таза.