Түркияга кирүү үчүн маалым кат даярдоо шарты өзгөрдү

Түркияга кирүү үчүн маалым кат даярдоо шарты өзгөрдү.

Эми өлкөгө кирген бардык чет элдик жарандар акыркы үч күндүн ичинде

коронавирус жок экенин тастыктаган тести англис тилинде болушу керек.

Экспресс же антителону аныктоо боюнча тесттердин жыйынтыгы жарабайт,

бир гана ПЦР тест болушу шарт. Маалым кат электрондук түрдө же кагазда көрсөтүлөт.

Эгер электрондук түрдө болсо лабораториянын QR-коду, ал эми кагазда болсо

дарыгердин колу жана мөөр басылышы керек. Маалым каты туура эмес

даярдалган жаран учакка отургузулбайт. Мындай документ Түркия аркылуу

башка өлкөгө учуп бара жаткан адамдан дагы талап кылынат.

Чаралар мартка чейин күчүндө болот.