Жалал-Абад облусунда аз камсыз үй-бүлөлөргө ун берилет.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
3 миң тоннадан ун облустун район-шаарларына бөлүштүрүлүп жатат.
Жардамды калктын аярлуу катмарына туура бөлүштүрүү максатында
атайын комиссиялар түзүлдү. Азык Мамлекеттик материалдык
резервдер фонду тарабынан бөлүндү.