“Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларын окутууга Япония каражат бөлүп берет

“Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларын окутууга Япония каражат бөлүп берет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Япониянын Кыргызстандагы элчилиги ортосунда аз камсыз болгон жарандарга жардам берүүгө багытталган келишимге кол коюлду.

 

Ага ылайык, программанын катышуучулары ар кандай кесиптик же квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардан өтөт.

 

Бул максатта Япония 3,5 миллион доллар бөлөт. Андан тышкары, Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жашаган тургундарга ун, өсүмдүк майы жана башка азыктар берилет.