Ак-Суу районунун Токтогул айылында бала бакча ачылды.
Турмуш басылмасы билдиргендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 2 тайпада балдарды тарбиялайт.
Бакча айыл өкмөттүн бош турган имаратында жайгашат. Объектини калыбына келтирүү иштерине
5 миллион сом жумшалды. Айылда буга чейин күнүнө 3 саат гана иштеген бакча бар болчу.