Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвесторго 45 миллион сому кайтарылып берилет

Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвесторго 45 миллион сому кайтарылып берилет. Өкмөттөн билдиришкендей, учурда 200 гектар жерди трансформациялоо жөнүндө токтом даярдалууда.

 

Логистикалык комплекстин курулушу үчүн берилген 45 миллион сом кайтарылат.  Долбоордун жалпы сметалык баасы 280 миллион доллар болчу. Эске салсак, соода-өндүрүш-логистикалык борбор куруу чечими былтыр жыл аягында чыккан.

 

Аны кытайлык инвестор куруп, иштетмек. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам долбоор ишке ашпай калды.