Кыргызстанга 4 өлкөдөн келген жарандар карантинге алынат

Кыргызстанга 4 өлкөдөн келген жарандар карантинге алынат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаңы талабына ылайык, алар Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италиядан келген жарандар. Коронавирусту алдын алуу штабынын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок.

 

Медициналык мекемелерде 143 адам көзөмөлдө, ал эми 391 адамга жашаган жериндеги медициналык кызматкерлер көз салып турушат.

 

Учурда оорудан каза тапкандардын саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Вирустун очогу болгон Кытайда өпкөнү сезгентчү бул илдетке кабылгандардын саны 77 миңден ашты. 2 миң 500 адам көз жумду.