Кыргызстанда “Тонировка” рейди жүрүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 3 күндө эле 48 унаа аныкталды.
Алардын айдоочулары мыйзамсыз маңдайкы жана каптал айнектерин караңгылатып алган. Унаалар айып короосуна токтотулуп, ээлерине 20 миң сомдон айып салынды.