Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө 93-орунда

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө 93-орунда.

«Global Firepower» түзгөн рейтингге караганда, Казакстан 62, Кыргызстан 93,

Тажикстан 99-орунга жайгашты. Ал эми Өзбекстан 51-сапта.

Индекске дүйнөнүн 138 армиясы кирет. Алдыңкы сапта АКШ,

Россия, Кытай, Индия, Япония, Түштүк Корея жана Франция кирди.

Аскердик кубаттуулуктун индекси 50 факторду эске алуу менен түзүлөт.

Тагыраагы, аскер кызматына жарактуу адамдардын саны,

армияга жумшалган каражаттын көлөмү, абанын,

деңиз күчтөрүнүн дарамети жана башка талаптар эске алынат.