Бүгүн —  Кыргызстанда шайлоо алдындагы «Тынчтык күнү»

Бүгүн —  Кыргызстанда шайлоо алдындагы «Тынчтык күнү».

Добуш берүүдөн 24 саат мурда же 27-ноябрь эртең мененки саат 8ден баштап

талапкерлер үгүттөө кампаниясын жүргүзө алышпайт. Андан тышкары, БШКдан

каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүттөө

материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга

дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы керек. Мыйзамга каршы

үгүт иштери жүргүзүлгөн учур катталса тиешелүү чара колдонулат. Эртең

Парламенттик шайлоо өтөт, анда Жогорку Кеңештеги мандат үчүн 21 партия,

бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.