Кыргызстанда кышкы туристтик сезон бүгүн расмий түрдө ачылат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, ачылыш азем Каракол
шаарындагы тоо-лыжа базасында уюштурулат. Анда кышкы эс алууну
сүйүүчүлөр үчүн кызыктуу оюн-зооктор уюштурулат. Иш-чара жергиликтүү
калкты жана чет элдик туристтерди кышкы туризмге активдүү тартууну,
өлкөнүн кооз аймактарын пропагандалоо менен бирге дени
сак жашоо образын жайылтууну көздөйт.