Wikipedia дүйнөлүк интернет энциклопедиясы кыргызстандык 84 аялдын ысымы менен толукталды

Wikipedia дүйнөлүк интернет энциклопедиясы кыргызстандык 84 аялдын ысымы менен толукталды.

Долбоор эл аралык компаниянын колдоосу менен ишке ашты.

Анын максаты ийгиликтүү кыргыз аялдары жөнүндө сөз кылуу менен гендердик теңчиликти жайылтуу болуп саналат.

Маалыматты кыргыз тилдүү Википедиянын «Кыргызстандын айымдары» категориясынан көрүүгө болот.