Ички иштер министрлиги тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет

Ички иштер министрлиги тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет.

Белгилүү болгондой, өлкөдө жыл сайын он миңдеген адам каржы пирамидаларынын курмандыгы болууда.

Маалыматка ылайык, алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет.

Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

Мындай учурда жарандар токтоосуз күч органдарына кайрылып, мыйзам чегинде укугун коргошу керек, — деп атйлат ИИМ тараткан маалыматта.