АКШ Кыргызстанга коронавирусту алдын алуу үчүн гуманитардык жардам көрсөтөт

АКШ Кыргызстанга коронавирусту алдын алуу үчүн гуманитардык жардам көрсөтөт. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкекке медициналык беткаптардан, мээлейлерден, коргоочу халаттардан жана дезинфекциялык каражаттардан турган жүк жеткирилет.

 

Ведомстводон белгилешкендей, эки тарап коронавирусту алдын алуу боюнча башка чараларды дагы көрүүнү караштырып жатат. Кошумчалап кетсек, Кытайда вирус 2 минден ашык адамдын өмүрүн алды. Дүйнө боюнча аны жуктуруп алгандардын саны 76 минден ашты.