Президент Сооронбай Жээнбеков Ошто коомдук уюмдардын өкүлү менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында “Интербилим” коомдук бирикмесинин түштүк өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева менен жолугушту. Анда учурунда сот-укуктук реформа, санариптештирүүнүн ишке ашырылышы, мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде “Сулайман-Тоо” комплексинин аймагындагы маселелер жөнүндө пикир алышуу болду. Гүлгаакы Мамасалиева үйлөрү сүрдүрүлгөн жарандардын укуктарын коргоо маселесин көтөрүп, өлкөдөгү реформаларды алга жылдыруу ишин көзөмөл кылууну мамлекет башчыдан өтүндү.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы, санариптештирүү, ичуүчү таза суу жана башка долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, айтылган көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө алууга убада берди.

 

Жарандык коом өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарына келгенде кабыл алуусун талап кылып, 8-июнда акция өткөрүшкөн.

Мамлекет башчы Ош шаарында июнь коогасынын он жылдыгына арналган эскерүүгө катышты. Мамлекет башчы Ош облусуна эки күндүк иш сапар менен 10-июнда барган.