Бишкекте Димитров көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкектин Интергельпо — Димитров (Москва көчөсүнүн уландысы) көчөлөрүнүн кесилиши 23-июлдан 24-июлга чейин оңдоо иштерине жабылат.

Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

«Аталган участокто Кытай грантынын каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоору боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Димитров көчөсүнүн бөлүгү Фучиктен Пишпекке чейин (Москва көчөсүнүн уландысы) толугу менен жабылат», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Унаалардын жүрүүсү үчүн альтернативдик жол катары Дэн Сяопин проспектиси болот.