Эртеңден баштап Бишкекке чыныгы жай келет

Эртеңден баштап Бишкекке чыныгы жай келет. Синоптиктердин маалыматына караганда, 3-июндан тарта термометрлер күндүз плюс 30 градус, түнкүсүн 20 градустан жогору көтөрүлөт.

 

Дем алыш күндөрү шаар аздыр-көптүр ыңгайлуу болуп, дүйшөмбүдөн тарта күн кескин ысыйт. Ал эми бейшемби, 8-июнь күнү метеорологдор кургак шамал болуп, шаарда 38…39 градуска чейин ысыйт деп болжолдошууда. Түнкүсүн да аба табы 22…24 градуска жетет.