Кара-Балтада окуучуну тепкен мугалим жазага тартылды

 

Кара-Балтада окуучуну тепкен мугалим жазага тартылды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы

Акылбек Орозматов билдирди. Анын айтымында, окуяны териштириш үчүн

Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыков

№2 мектепте ата-энелердин чогулушун өткөрдү. Жыйын учурунда

бул мугалим күнөөсүн мойнуна алып, ата-энелерден кечирим сурады,

алардын кызматкерге дооматы жок экенин билдиришти.

Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди.

Белгилеп кетсек, мектептеги дене тарбия мугалимдин сабак учурунда

эки окуучуну тепкен видеосу интернетке жарыяланган.