Байтикте тоо-лыжа базасы курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Абдисаит Каримбеков “Кабарга” билдирди. Анын айтымында, Чүй облусундагы Байтик айылынын үстүндө пайда боло турган кышкы базанын жалпы аймагы 1 миң 800 гектарды түзөт.
Долбоордун сметалык баасы 100 миллион доллар. Учурда анын концепциясы иштелип жатат, — деди Каримбеков.