Бишкектин полигонунда таштандыны сорттоочу жабдуу иштейт

Бишкектин полигонунда таштандыны сорттоочу жабдуу иштейт.  Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

 

Анын айтымында, жабдык чехиялык компания менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында орнотулуп, август айынан тартып иштеп баштайт деп пландалууда. Белгилеп кетсек, Бишкекте таштанды маселеси көп жылдан бери чоң көйгөй болуп келет.

 

Шаар четиндеги таштанды полигонун иретке келтирүү, рекультивация иштерин жүргүзүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 22 миллион евросунун 12 миллиону келген.