Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттам ачуу пландалууда

Кийинки жылы Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда.

Бул тууралуу Түштүк Кореянын Кыргызстандагы консулу Ким Хо Сон билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар туристтик сезондо гана жумасына эки жолу аткарылат.

Ал өз учурунда Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.