Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштери башталды

Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштери башталды.

Мэриядан билдиришкендей, тилкенин Каралаевден Шабдан Баатырга чейинки бөлүгүн

куруунун алкагында Аламүдүн дарыясынан өтүүчү көпүрө курулат. Учурда пайдубалын

түптөө башталды. Андан тышкары, жолдун эки тарабына тротуар түшүрүлөт.

Иштер аяктагандан кийин айдоочуларга Каралаевден Шабдан Баатырга түз өтүүгө мүмкүн болот.

Белгилеп кетсек, иштер «Жол тармактарын өнүктүрүү»

долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт.