Балыкчы — Корумду жолунун ремонтун бүтүрүүгө дагы 2 миллиард сом керек

Оңдоо иштери мындан 6 жыл мурун башталган Балыкчы — Корумду жолунун ремонтун бүтүрүүгө дагы 2 миллиард сом керек.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Оңдоо иштери башталгандан бери дээрлик 5 миллиард сом өлчөмүндөгү жумуштар аткарылган.

Ведомстводон белгилешкендей, долбоордо 17 көпүрөнүн курулушу жана оңдоо иштери каралса, учурда бирөөнүн курулушу баштала элек.

Трассанын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт.

Белгилеп кетсек, жол оңдоо долбоору 2017-жылы эле аякташы керек болчу.