Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ун чыгаруучу ишкана ачылды.
Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анын алкагында жергиликтүү калк үчүн ондогон жумуш орундары түзүлдү.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 70 тоннаны түзүп, 1 жана 2-сорттогу ун чыгарылат.