Доллардын сомго карата арзандашынын себеби айтылды

Доллардын сомго карата арзандашынын себеби айтылды.

“Акчабар” порталына биржалык ассоциациялар башчысы Думан Рыскулов билдиргендей,

америкалык валюта курсунун төмөндөшү, долларга болгон суроо-талаптын азайганына байланыштуу.

Андан тышкары, доллардын сомго карата таасирин тийгизген тышкы факторлор дагы бар.

Алсак, акыркы учурда рубль долларга карата бекемделип, бир айда 12 пайызга кымбаттады.

Ошондой эле Улуттук банктын өткөргөн интервенциялары жакшы жыйынтык берүүдө. Белгилеп кетсек,

12-майда  доллар 84 сом 70 тыйындан сатылып жатса, бүгүнкү күндө 84 сом 10 тыйынга барабар.