Ак-Талаа районунда ири суу сактагыч куруу пландалууда.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, суу сактагыч курулса, райондогу 2 миң гектар аянт сугат суу менен камсыздалып, 3 миң гектар аянтка суу берүү жакшыртылат.
Учурда Суу чарба башкармалыгына долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо тапшырылды.
Белгилеп кетсек, долбоордун жалпы суммасы 700-800 миллион сомду түзөт.