Президент ок тийген чек арачылардан кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жараат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын октон жарадар болгон аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

 

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, «Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады. Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди».

 

8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык, ал эми ок омурткасына тийген аскердин абалы оор, ал реанимацияда экени кабарланган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген.