Балыкчыга поезд менен барууга саналуу күндөр калды. Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 1-сентябрда ишин жыйынтыктайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы эскертет.
Андан такташкандай, аталган курам эки шаар ортосунда жыл сайын жайкы мезгилде июнь айынан 31-августка чейин жүрөт. Муну менен Бишкек – Балыкчы поезди ушуну менен кийинки жылы гана каттайт.