Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Ильичбек Султанкулов билдирди.

 

Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери 11 интервенция  өткөрүп, жалпысынан   536 миллион доллар сатты.

 

Өз кезегинде Улуттук банктын каржылык-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Азат Козубеков билдиргендей, Кыргызстанда накталай чет элдик валюта менен кандайдыр бир маселелер жана алардын жетишсиздиги жок.