Барскоон-Каракол жолунун курулушун келерки жылы баштоо пландалууда

Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Каракол жолунун курулушун келерки жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Жумуштар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашары күтүлүүдө.

 

Участканын узундугу 75 чакырымды түзөт. Курулуш иштерин 2027-жылга чейин бүтүрүү мерчемделип жатат.