“Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна арызды онлайн тапшырса болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кызмат “Түндүк” порталынын “Үй-бүлө” бөлүмүндө жеткиликтүү.
Мекеме мамлекеттик порталдан жөлөкпул алуу үчүн банкты да тандап, үйгө жеткирүүнү уюштурууга болорун белгилейт. Же каалаган калкты тейлөө борборуна кайрылса болот.
Эске салсак, “Балага сүйүнчү” – бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку төлөм.