Чек ара: куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын 21и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Стационарда 162 бейтап жатат.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган.

Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.