Казакстандан келгендердин агымы азайды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Чек арадагы “Кең-Булуң”, “Токмок” өткөрмө бекеттеринде абал тынч. Кечээ түштөн кийин Кыргызстанды көздөй агылгандардын саны азайды.
Тескерисинче кайра мекенине кайтып жаткан казак жарандары катталды. Өткөрмө бекеттеринде кезек күткөндөр жок, — дешти ведомстводон.
Эске салсак, 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлүп, 4 миңден ашык адам Кыргызстан аймагына качып кирди.