Катуу шамал Ат-Башыда бир нече айылды жарыксыз калтырды

Катуу шамал Ат-Башыда бир нече айылды жарыксыз калтырды. “Азаттыкка”  “Чыгышэлектро” ишканасынан билдиришкендей, катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, бактарды кулатып, электр зымдарын үздү.

 

Кээ бир жерлерде бетон устундар кулады.  Азыркы тапта жумушчулардын 10 бригадасы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуп жатат.