118 чалуу борборунун иши ушул жумада кайра жанданат

118 чалуу борборунун иши ушул жумада кайра жанданат.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бахтияр Станбеков билдирди.

 

Анын айтымында, түз байланыш номуру техникалык себептерден иштебей калган. Учурда номурлар Бишкектин жана облустардын бирдиктүү үй-бүлөлүк медицина борборлоруна которулду. Ошондой эле, бардык программалардын иши жөнгө салынды. Болжол менен, линия эртең ишке киргизилет.