Баткен облусундагы оорукананын оңдоп-түзөө иштерин 1 айдын ичинде бүтүрүү пландалууда

Баткен облусундагы оорукананын оңдоп-түзөө иштерин 1 айдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жаркынбек Максүтов билдиргендей,

медициналык мекеме жугуштуу илдеттер ооруканасы катары ачылып, 90 орунга чакталууда.

Долбоордун жалпы суммасы 12 миллион сомду түзөт.

Учурда капиталдык ремонт иштерин 35 кызматкер жүргүзүп жатат.