Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов жарыялады. Муну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 216га жетти.
Жаңы учурлардын 47си Ош облусунда, 13ү Жалал-Абад аймагында, Бишкекте – 5, Каракол шаарында — 1, Кемин районунда – 1, Нарында -1, Баткен облусунда 1 учур катталды. Алар обсервацияларда дарыланып жатат. 2 адам көз жумду.