Бишкектин ооруканаларында орун жок

Бишкектин ооруканаларында орун жок. Бул тууралуу ордо калаа мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова жарыялады. Анын сөзүн Тез жардам кызматынын борборунан тастыкташты.

 

Учурда стационарлар толук, жаңы бейтаптар кабыл алынган жок. Ал эми кошумча ачылган күндүзгү стационарлар олуттуу белгилер менен бейтаптарга эсептелген эмес. Катуу ооруп жаткандар кайда кайрылышы керек, белгисиз.