Кыргызстанда шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат

Кыргызстанда шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тилкелеринде добуш берүүгө келген жарандардын дене табы өлчөнүп,

жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маалы менен имараттар дезинфекцияланат.

Жарандар ортосундагы социалдык аралыктын сакталышы да көзөмөлдө болот.

Учурда шайлоочулардын алдын ала тизмесине 3 миллион 428 миң 873 адам кирди.

Белгилеп кетсек, жалпысынан 2 миң 464 шайлоо тилкеси бар.

Анын 44ү чет өлкөлөрдө жайгашат.