Баткен облусунун Кулунду жана Максат айылдарынын талааларын чегиртке каптады

Баткен облусунун Кулунду жана Максат айылдарынын талааларын чегиртке каптады. 1 миң гектарга жакын арпа жана буудай талааларына коркунуч жаралды. Бүгүнтөн тарта Өсүмдүктөрдү химиялык коргоо жана карантин департаментинин жергиликтүү башкармалыгынын адистери чегирткени жок кылуу иштерин жүргүзөт.

 

Бул максатта химиялык заттар жана атайын техника жетиштүү көлөмдө бар.