Чүй облусунун токой чарбаларына 205 миң даана көчөт сатылып алынды. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, алма, өрүк жана жаңгак көчөттөрү ошондой эле Каракол шаарынын токойлоруна отургузулат.
Бул максатта Дүйнөлүк банк жана экологиялык фонд 4 миллион сом бөлүп берген. Бактар 700 гектардан ашык жерге тигилет.