Россияда унаалар уча баштайт

Москва шаарында учуучу такси сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

 

Белгилүү болгондой, 2 жүргүнчүгө ылайыкталган учуучу аппаратты иштеп чыгуу иштери 2018-жылы башталган. Сыноо учуру качан аяктаары жана аэротакси качан жүргүнчүлөрдү ташып баштай турганы азырынча белгисиз.

 

300 килограммга чейинки салмакты көтөрүүгө ыңгайлашкан дрон 150 метрге чейин көтөрүлө алат. Электр кыймылдаткыч орнотулуп, 1 жолу кубаттандыргандан кийин учуу аралыгы 100 чакырымга чейин жетет. Россиялык компаниянын мындай аппараты учуп-конуу үчүн атайын аянтчаны талап кылбайт. Учууга жана конууга кадимки автоунаа ээлегенчелик аянтча жетиштүү.