Тамчы аэропорту туристтик каттамдарды кабыл алып баштайт

коом

Тамчы аэропорту туристтик каттамдарды кабыл алып баштайт. Россиялык авиакомпаниялардын бири 16-июндан тарта Ысык-Көлгө туруктуу рейстерин ачат.

 

Маалыматка ылайык, Москва-Тамчы аба каттамы жумасына 2 ирет, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.