Өкмөт Кыргызстанда азык-түлүктүн кымбатташына көңүл бурду.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун айтымында, бааларды жөнгө салуу жана айрым товарларды өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салуу пландалууда.
Андан тышкары, товар ташуучулар менен тамак-аш продукциясынын запасын толтуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Новиков ишендиргендей, өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралбайт.