Баткен облусунда Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай унаа жолу курулууда. Президенттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, трасса Тажикстан аймагын айланып өтүүгө шарт түзөт.
Жолдун жалпы узундугу 48 чакырымга жетет. Учурда анын 7чакырымында иштер жүрүүдө, андан тышкары, бийик ашуу аркылуу өтө турган тилкенин долбоордук-сметалык документи даярдалды.