Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектептин курулушу башталды.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Шамал-Терек айылында
375 орунга чакталган билим берүү мекемеси пайда болот. Долбоордун жалпы
суммасы 66 миллион сомду түздү. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.