Россия чет өлкөлүк беткаптарды импорттоого убактылуу тыюу салды

Россия чет өлкөлүк беткаптарды импорттоого убактылуу тыюу салды.

Бул чечим келерки жылдын аягына чейин күчүндө болот. Бул жергиликтүү

тигүүчүлөрдү колдоо максатында. Андан тышкары, пандемия учурунда

Россияда коргонуу каражатынын жетишсиздиги байкалып, беткаптардын

баасы эки эсе көтөрүлдү. РБКнын маалыматына караганда бүгүнкү күнү

жергиликтүү өндүрүшчүлөр суткасына 21 миллиондон ашык беткап тигишүүдө.