Баткенде чек ара чырынан жабыр тарткандарга дагы бир пособие берилиши күтүлүүдө.
Учурда министрлер кабинети эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин
токтом долбоорун карап жатат. Документке ылайык, каражат былтыр апрелде кыргыз-тажик
чек арасында куралдуу кагылышта каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана
жабыркагандарга тиешелүү болот. Долбоор колдоо тапса 3 категория боюнча
ай сайын 3 миң 700 сомдон жөлөк пул берилет.