Бишкекте экология маселеси оорлошуп келе жатат

Бишкекте экология маселеси оорлошуп келе жатат.

Бул ички миграцияга байланыштуу, деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Анткени,  жарандар аймактардан Бишкекке көчүп, жаңы конуштарга жайгашып жатат.

Алар үйлөрүн көмүр менен жылытышат. Ушундай маселени чечүү максатында өлкөгө

Электро мобилдерди алып келип, жаңы конуштарды газга өткөрүү иштери жүрүүдө.

Андан кийин абанын булгануусуна себеп унаалар турат. Учурда ордо калаада 300 миңге чукул унаа бар.

Ошондой эле таза абанын киришине тоскоолдук жараткан ордо калаадагы башаламан,

туура эмес тургузулган турак жайлар. Белгилеп кетсек, мындай маселени чечүү үчүн

мэрия эс алуу бактарын жана скверлерди курууда.