Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда чоң ирригациялык канал оңдолду. “Кабар” жазгандай, объектте инфраструктура жаңыртылып, жээк тилкелер бекемделип, каналдын герметикалык абалы калыбына келтирилди.
Белгилеп кетсек, аталган канал Ак-Суу районунун 9 миң гектардан ашык жерин жана Түп районунун 5 миң гектар айдоо жерлерин сугат суусу менен камсыздайт.